Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү жыл башынан тарта 1 трлн сомдон ашты
11 ноябрь

Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү жыл башынан тарта 1 трлн сомдон ашты

Жыл башынан бери экономикалык өсүштүн эң жогорку деңгээли белгиленди, деп билдирет Улуттук статистика комитети. 

Маалыматка ылайык, ички дүң продукт 2024-жылдын январь-октябрында алдын ала баалоо боюнча бир триллион сомдун ашыгын түздү жана 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 9,6 пайызга көбөйдү.