Чет элдик дипломаттарга Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык потенциалы тааныштырылды
1 июнь

Чет элдик дипломаттарга Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык потенциалы тааныштырылды

2026-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулунун Кыргызстанда аккредиттелген чет мамлекеттердин элчиликтеринин консулдары менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чара дипломатиялык корпус менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоого, ошондой эле чет өлкөлүк дипломаттарды республиканын туристтик, маданий жана инвестициялык потенциалы менен тааныштырууга багытталды.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга өлкө жетекчилиги тарабынан туризм тармагын өнүктүрүү жана заманбап инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө көңүл Кыргызстанды аймактагы алдыңкы туристтик багыттардын бири катары жагымдуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга бурулду.

Чет өлкөлүк дипломаттар үчүн “Ала-Арча” улуттук паркына экскурсия уюштурулуп, анын алкагында жаңы асма жол, “Хан-Теңири” туристтик комплекси жана башка туристтик инфраструктура объектилери көрсөтүлүп, аталган аймакты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле катышуучулар тоо туризмин өнүктүрүүгө жана чет өлкөлүк туристтерди, инвестицияларды тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган “Үч чоку” ири тармактык долбоорунун концепциясы менен тааныштырылды.

Программанын өзүнчө бөлүгү катары коноктор кыргыз элинин бай маданий мурасы жана көчмөн цивилизациясынын салттары менен таанышты. Дипломаттар этномаданий иш-чараларга, анын ичинде ат менен сейилдөөгө жана жаа атууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын эл аралык аренада илгерилетүү жаатындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырасташты.