Кыргызстан Чүй облусундагы сугат системасын модернизациялоо үчүн 23,8 миллион евро алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “2025-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Чүй облусунда суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну (№ 55372), Европа бирлигинин Гранттык макулдашуусун (№ 55372) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунун Гранттык макулдашуусун (№ 55372) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Бул макулдашууларда Кыргыз Республикасы тарабынан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каражаттарын Чүй облусундагы Батыш Чоң Чүй каналынын (БЧЧК) ирригациялык схемасын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча курулуш иштерин аткаруу үчүн пайдалануусу каралган.
Кредиттик макулдашуу менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 15 230 000 (он беш миллион эки жүз отуз миң) евро, Европа бирлигинин Гранттык макулдашуусу менен –5 000 000 (беш миллион) евро жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунун Гранттык макулдашуусу менен – 3 600 000 (үч миллион алты жүз миң) евро берүү каралган. Ошол эле учурда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик каражаттарынан 152 300 (бир жүз элүү эки миң үч жүз) евро өлчөмүндөгү бир жолку комиссиялык жыйымдын суммасы кармалып, анын натыйжасында долбоорду ишке ашырууга 15 077 700 (он беш миллион жетимиш жети миң жети жүз) евро багытталарын эске алуу зарыл. Кредиттик каражаттар төрт жылдык жеңилдетилген мезгил жана өзгөрүлмө пайыздык ставка менен 20 жылга берилет.
“Чүй облусунда суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруунун алкагында 23 830 000 (жыйырма үч миллион сегиз жүз отуз миң) евро суммасындагы каражат Чүй облусундагы Батыш Чоң Чүй каналынын (БЧЧК) ирригациялык схемасын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча курулуш иштерин аткарууга багытталат.
Каналдын реабилитациялануучу участогунун узундугу болжол менен 12,5 км жана Чүй облусундагы 7 000 гектарга жакын аянттагы жерлердин суу менен камсыздалышын жакшыртуу болжолдонууда.
