Бишкекте суткасына 18 тонна балыкты кайра иштетүүчү ишкана ачылды 
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
24 июнь

Бишкекте суткасына 18 тонна балыкты кайра иштетүүчү ишкана ачылды 

Бишкекте «Вилби» ЖЧКсынын жаңы балыкты кайра иштетүү комплекси ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай,  ишкана балыкты кайра иштетүүнүн, даяр продукцияларды жана жарым фабрикаттарды өндүрүүнүн, ошондой эле аларды заманбап муздаткыч кампаларда сактоонун толук циклин камсыздайт.

Комплекстин кубаттуулугу суткасына 18 тоннага чейин балыкты кайра иштетүүгө жана 10 тоннага чейин даяр продукция өндүрүүгө жетет.

Бир убакта сактоо мүмкүнчүлүгү 1 500 тоннаны түзөт.  Долбоордун алкагында 100гө жакын жаңы жумуш ордун түзүү каралган.

Ишкананы өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын президентинин ата мекендик чийки затты кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү, жогорку кошумча наркка ээ продукцияларды өндүрүү жана өлкөнүн экспорттук потенциалын чыңдоо боюнча Жарлыгында белгиленген милдеттерге шайкеш келет.

Долбоор заманбап өндүрүштөрдү түзүү жана модернизациялоо багытында мамлекеттин негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналган Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылды.