Салык кызматы Жайыл районунда жашыруун контрафакттык алкоголдук продукцияларды өндүргөн цехти аныктады
24 октябрь

Салык кызматы Жайыл районунда жашыруун контрафакттык алкоголдук продукцияларды өндүргөн цехти аныктады

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Жайыл районунда жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө контрафакттык алкоголдук продукцияларды жашыруун өндүргөн цехти аныкташты.

Цехтин ичинде спирт жыттанган суюктуктар, бош идиштер, дозаторлор, капкактар, этикеткалар жана көп сандагы акциздик маркалар табылган.

Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү аймактык укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.