2025-жылы Кыргызстандын бюджети биринчи жолу триллиондук чектен ашат
4 август

2025-жылы Кыргызстандын бюджети биринчи жолу триллиондук чектен ашат

Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 2025-жылы биринчи жолу 1 триллион 6 миллиард 300 миллион сомго жетери күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Анын айтымына караганда, алгач 2025-жыл үчүн консолидацияланган бюджет 708,9 миллиард сом өлчөмүндө бекитилген. Бирок жарым жылдык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгында, бюджеттин пландан ашыкча аткарылары аныкталып, жыл жыйынтыгы боюнча 1 триллион 6 миллиард 300 миллион сомго жетүү реалдуу максат катары коюлду.

• Кыргызстандын консолидацияланган бюджети:

  • 2010-жылы 96,5 млрд сом;
  • 2015-жылы 196,1 млрд сом;
  • 2020-жылы 247,8 млрд сом;
  • 2021-жылы 313,1 млрд сом;
  • 2024-жылы 689,1 млрд сом;
  • 2025-жылы 708,9 млрд сом бекитилсе, план ашыгы менен аткарылып триллиондук чектен ашканы турат.

"2020-жылга салыштырганда, 2025-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети дээрлик 5 эсеге жакын көбөйдү. Бул 4 жылдык эле натыйжа. Садыр Жапаров жана анын командасы бийликке келгенде, анын 2 жылы мамлекеттик башкарууну түптөөгө, системага салууга кетти. Ал аралыкта бут тосуулар, коррупция, уюшкан кылмыш тобу, эски түшүнүктөр менен күрөшүүгө алаксыды. Кошуналар менен чек ара маселесине чекит коюу дагы оңойго турган жок. Ал аз келгенсип, мамлекет эгемендик алгандан бери чогулган тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөө мезгили дагы ушул күндөргө туш келди. Мына ушундай кыйынчылыктарга карабай, Кыргызстан азыр өнүгүү темпин жогорулатты. Кайда барба, курулуштар, жаңылануу, өзгөрүүлөр болуп жатат", - деди Орунбеков.