Таласта таза сүт азыктары өндүрүлүүдө
Талас облусунун Айтматов районунун Үч-Булак айылында 3 жыл мурда негизделген “Көк Жайык” сүттү кайра иштетүүчү ишканасы бүгүнкү күндө Талас облусундагы алдыңкы чакан өндүрүш жайларынын бири болуп саналат.
Ишкана күнүнө орто эсеп менен 2–2,5 тонна чийки сүттү кабыл алып, экологиялык таза жана сапаттуу сүт азыктарын чыгарат.
“Көк Жайык” өндүргөн продукциялар:
- сары май
- каймак
- айран
- чечель
- быштак
- куруттун түрлөрү
- ышталган куйрук май
Ишкананын өнүмдөрү бүгүнкү күндө Талас облусунда гана эмес, Бишкек шаарындагы эко дүкөндөрдө да сатыкка чыгууда.
“Көк Жайык” өндүрүштү кеңейтүүнү жана жаңы технологияларды киргизүүнү көздөп, гранттык колдоолорду активдүү издеп жатат. Бул кадам ишкананын өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, ата мекендик азык-түлүк коопсуздугуна жана айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүшүнө салым кошот.
