Жалал-Абад Беларусиянын сүт өндүрүү тажрыйбасын үйрөнөт
Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев баштаган облустук делегация Беларусь Республикасынын Гродно облусунда иш сапары менен болууда. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш сапар “Борбор Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестицияларды мобилизациялоо” темасындагы өнөр жайды өнүктүрүү боюнча биринчи аймактык форумдун алкагында уюштурулган.
Анын жүрүшүндө Тилек Текебаев эки облустун ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, өнөр жай жана айыл чарба тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоо, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого багытталган жолугушууларга катышууда.
Ошондой эле делегация Лида шаарындагы “Лида сүт-консерва комбинаты” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Аталган ишкана суткасына 1800 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Анда кургак сүт, кургак каймак, сырдын түрлөрү, сары май жана башка сүт азыктары өндүрүлөт. Комбинаттын курамына төрт өндүрүштүк ишкана кирип, продукциялары ички жана тышкы рынокторго чыгарылат.
Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып, Жалал-Абад облусунда сүт азыктарын өндүрүүгө заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.
