Чүй энергетиктери облус боюнча 783 трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрөт
11 февраль

Чүй энергетиктери облус боюнча 783 трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрөт

2025-жылы Чүй электр тармактар ишканасынын Райондук электр тармактар Чүй облусу боюнча 783 даана трансформатордук көмөк чордонду жана 463 чакырым аба чубалгыларын толук капиталдык оңдоодон өткөрөт.

Мындан тышкары энергетиктер 4982 даана трансформатордук көмөк чордонду, 4004 чакырым аба чубалгыларын техникалык тейлөөдөн өткөрүп, 4772 чакырым аба чубалгыларына тийип калган бак бутактарын кесүү иштерин, авариялык абалдагы электр мамыларын алмаштыруу иштерин жүргүзүшөт.

Бул иштер облус керектөөчүлөрүн сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

2024-жылы Чүй энергетиктери тарабынан 816 даана трансформатордук көмөк чордон жана 510 чакырым аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.

Эске салсак, энергетиктер жыл сайын 1-марттан тарта 1-ноябрга чейин келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн даярдыктарды көрүшөт.

Маалымат үчүн: Чүй электр тармактар ишканасы Чүй облусунун жашоочуларын жана өндүрүш тармагын электр энергиясы менен камсыз кылган, курамында 9 (Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов) райондук электр тармактары бар ишкана.