Кыргызстанда ШКУнун аймактык долбоорлорун колдоо борбору ачылды
Соода-өнөр жай палатасы
24 июнь

Кыргызстанда ШКУнун аймактык долбоорлорун колдоо борбору ачылды

Кыргызстанда ШКУнун аймактык долбоорлорун колдоо борбору ачылды, деп билдирет КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, бул Кыргызстандагы Уюмдун алкагында инвестицияларды, инфраструктураны жана эл аралык долбоорлорду колдоого багытталган биринчи адистештирилген платформа.

Борбор Соода-өнөр жай палатасынын президенти жана ШКУнун учурдагы төрагасы Темир Сариевдин демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын 2025–2026-жылдардагы Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашыруунун алкагында ачылды.

"Кыргыстандын ШКУга төрагалык кылуу мезгилинде биз бизнести өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөгө көмөктөшө турган жаңы куралдарды түзүшүбүз керек. Аймактык долбоорлорду колдоо борбору дал ушундай платформага айланат, ал бизнестин, инвесторлордун жана мамлекеттик институттардын кызыкчылыктарын бириктирет", - деп баса белгиледи Темир Сариев.

Борбордун негизги максаттары келечектүү инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду колдоо, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен демилгелер үчүн өнөктөштөрдү аныктоо жана бизнеске эксперттик жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүү болот.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти жана кыргыз-кытай соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу жаатында кеңири тажрыйбасы бар адис Мээрим Кожокматова Регионалдык долбоорлорду колдоо борборунун жетекчиси болуп дайындалды.