Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүн санариптештирүүгө багытталган конституциялык мыйзам долбоору колдоо тапты
24 июнь

Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүн санариптештирүүгө багытталган конституциялык мыйзам долбоору колдоо тапты

Бүгүн, 24-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Мыйзам долбоорун Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев тааныштырды. Мыйзам долбоору тышкы мамлекеттик аудиттин натыйжалуугун, ачык-айкындуулугун жана көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталган. Конституциялык мыйзам долбоорунун негизги максаты болуп маалыматтарды талдоого негизделген мамлекеттик аудиттин заманбап моделине өтүү, тобокелдикке багытталган жана алдын алуучу ыкманы киргизүү, ошондой эле аудитордук ишти санариптештирүү болуп саналат.

Муну менен катар «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагында Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда колдоого ээ болду. Мыйзам долбоорунун максаты эл аралык капиталды, ири бизнести жана жаңы технологияларды тартууга жөндөмдүү заманбап инвестициялык аянтчаны түзүү болуп саналат. 

Ошондой эле жыйында Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө Кодексинин долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө Кодексин колдонууга киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты.