Кыргызстан Кытай менен биргеликте ветеринардык-фитосанитардык лаборатория курат
Жакында Кыргызстанда эл аралык талаптарга жооп берген заманбап ветеринардык-фитисанитардык лаборатория курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын директору Улукбек Кожобергенов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Айтымында, Кыргызстан менен Кытай ветеринария жаатында кызматташуу боюнча бир катар келишим жана протоколдорго кол койгон. Жакында Кыргызстандын делегациясы Кытай жеринде болуп, ал жакта сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Адистерди даярдоо жана кызматташуу боюнча бир катар макулдашууларга жетишилгенин Кожобергенов белгиледи.
«Кыргызстан-Кытай биргелешкен жумушчу тобу түзүлүп, март айынын аягы, апрель айынын башында ветеринария жаатындагы кызматташуунун алкагында иштер жанданат. Ар кандай окуулар да жүргүзүлөт, ал Кытайда өтөт, аларда ветеринария боюнча кандай жумуштар аткарылат, тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөөдө кандай талаптар коюлат, ушулар боюнча окуулар өтөт», – деди директор.
Ал Кыргызстанда ветеринардык-фитосанитардык лаборатория курулаарын белгиледи. Айтымында, 2024-жылдын ноябрь айында Кытайдан жумушчу топ келип, лаборатория курула турган жерди изилдеп, курууга ылайыктуу деген тыянак чыгарып кеткен.
«Лабораториянын курулушуна керектүү техникалык-экономикалык негиздеменин баары дайын болду, аны Кытай тарап тастыктады. Жакынкы айларда курулушу башталат. Бул эл аралык талаптарга жооп берген жана эл аралык талаптарга шайкеш келген жабдыктар менен жабдылган лаборатория болот. Өзгөчөлүгү – эл аралык талаптарга ылайык лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзөт жана тамак-аш коопсуздугун сактоодо чоң роль ойнойт», – деген Улукбек Кожобергенов курулушка керектелчү каражат Кытайдан грант эсебинде алынаарын жана лаборатория мамлекеттик болоорун кошумчалады.
