Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы тездик менен өнүгүп, экотуризмдин жаңы деңгээлине чыкты
4 ноябрь

Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы тездик менен өнүгүп, экотуризмдин жаңы деңгээлине чыкты

Акыркы жылдары Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы тездик менен өнүгүп, экотуризмдин жаңы деңгээлине чыкты. Эгер 2022-жылы парк болгону 51 миллион сом киреше берсе, 2024-жылы бул көрсөткүч 230 миллион сомго жетти. Ал эми быйыл 300 миллион сомдон ашуун киреше түшүшү күтүлүүдө.

Бул ийгиликтер – Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана демилгеси, ошондой эле Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин жетекчилиги менен ишке ашып жаткан масштабдуу иштердин натыйжасы.

Мурунку жылдары паркта A-Frame үлгүсүндөгү үйлөр курулуп, ресторандар, кафелер жана фуд-зоналар ишке берилген. Бул өзгөрүүлөр эс алуучулар үчүн жаңы форматтагы ыңгайлуулукту түздү жана туристтердин агымын көбөйттү.

Быйыл болсо паркта 20дан ашык Barnhouse форматындагы үйлөрдүн курулушу аяктап, алар менен катар Европанын белгилүү Doppelmayr компаниясы тарабынан асма жол курулуп жатат. Асма жолдун жанында беш жылдыздуу мейманкана жана бассейн да бирдиктүү туристтик комплекс катары курулууда, азыр курулуш иштери соңку баскычта.

Мындан тышкары, Европанын дагы бир ири компаниясы тарабынан Родельбан долбоорунун капсуласы жакында салынды. Бул өзгөчө туристтик аттракционду келерки жылы толук ишке киргизүү пландалууда.

Ала-Арча бүгүн экотуризмди өнүктүрүүнүн үлгүсүнө айланып, заманбап инфраструктурасы жана уникалдуу долбоорлору менен Кыргызстандын жүзүнө айланып баратат.