Таалай Базарбаев Италиянын Улуттук жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги менен келечегин талкуулады
2025-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Улуттук жарандык авиация агенттигинин (ENAC)
Жолугушууда Элчи Т.Ч.Базарбаев Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүү өлкө жетекчилиги тарабынан артыкчылыктуу милдет катары аныкталганын белгиледи. Ошону менен бирге маектешүүчүлөргө жарандык авиация тармагындагы мамлекеттик колдоо чаралары, анын ичинде авиапаркты жаңылоо жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча кеңири маалымат берилди.
Кыргызстандын авиакомпанияларын Европа Биримдигинин «кара тизмесинен» (EU Air Safety List - Евробиримдиктин аба коопсуздугу боюнча тизмеси) чыгаруу максатында, кыргыз тараптын авиациялык коопсуздукту жакшыртуу, эл аралык стандарттарды киргизүү жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге өзгөчө көңүл бурулду.
Ошону менен бирге жарандык авиация тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Элчи Т.Ч.Базарбаев авиа каттамдар боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Башкы директор К.Эминенте кыргыз тарап менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин жана аба каттамдары боюнча эки тараптуу келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирди.
Тараптар кызматташтыктын талкууланган перспективаларын биргелешип ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашты.
