Кыргызстанда 483 кайра иштетүүчү ишкана жана 264 жашылча-жемиш сактоочу кампа бар
Кыргызстанда 483 кайра иштетүүчү ишкана, 40 соода-логистикалык борбор жана 264 жашылча-жемиш сактоочу кампа бар. Мындай маалыматтар 2026–2036-жылдарга карата агроөнөр жай комплексин кластердик өнүктүрүү концепциясынын долбоорунда камтылган.
Мындан тышкары, 56 ишкана эл аралык сапат стандарттарын киргизген.
Ошол эле учурда айыл чарба продукциясын толук көлөмдө сактоо жана кайра иштетүү үчүн учурдагы кубаттуулуктар жетишсиз экени белгиленет.
Документте заманбап муздаткыч камералардын, адистештирилген кампалардын жана жашылча-жемиш сактоочу жайлардын жетишсиздиги көрсөтүлгөн. Бул көйгөй өзгөчө мөмө-жемиштерди, мөмөлөрдү жана жашылчаларды жапырт жыйноо мезгилинде курч байкалат.
Керектүү инфраструктуранын жетишсиздиги продукциянын коромжуга учурашына алып келип, дыйкандарды түшүмдү жыйнап алгандан кийин дароо, анын ичинде баалар сезондук түрдө төмөндөгөн учурда сатууга мажбурлоодо.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн жаңы муздаткыч комплекстерди, жашылча-жемиш сактоочу кампаларды, продукцияны кабыл алуу жана алгачкы иштетүү пункттарын куруу, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканаларды жаңылоо сунушталууда.
Мындан тышкары, продукцияны муздак шартта сактоо жана ташуу системасын («муздак чынжыр») өнүктүрүүгө, логистикалык чыгымдарды азайтууга өзгөчө көңүл буруу пландалууда.
