Туризм фондунун башчысы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык Секретариатынын жетекчиси менен жолугушту
Туризм фондунун башчысы Адилет Джанузаков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык Секретариатынын жетекчиси Нурсултан Аденов менен жолугушту.
Тараптар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын учурунда туристтерди тартуу максатында атайын программаны түзүү жана ишке ашыруу боюнча кызматташууну талкуулашты.
Фонд төмөнкү тапшырмаларды аткарат:
• ар кандай жайгашуу варианттарын камтыган туристтик пакеттерди иштеп чыгуу – мейманканалар, конок үйлөр ж.б.;
• туристтер жана катышуучулар үчүн трансфер жана логистиканы уюштуруу;
• оюндун иш-чараларына жана Кыргызстанды популярдуу туристтик объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыздоо;
• Ысык-Көл облусундагы туристтик объектилерге экскурсияларды өткөрүү;
• оюндун өтүүчү аймактарында фуд-корттор, этнобазарлар жана жарманке аймактарын уюштуруу;
• 2026-жылы эл аралык туристтик көргөзмөлөрдө Кыргызстандын улуттук стендинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жайылтуу.
VI ДКО даярдык – Фонддун артыкчылыктуу багыты, фонд активдүү даярдык көрүп, Кыргызстандын туристтик потенциалын дүйнөгө көрсөтүүнү максат кылат.
