30 чегиртке менен башталган бизнес 5 жыл аралыгында арбын кардарларын тапты
16 август

30 чегиртке менен башталган бизнес 5 жыл аралыгында арбын кардарларын тапты

Чегиртке багуу жана сатуу – акыркы жылдары дүйнөдө жана айрым Азия өлкөлөрүндө популярдуу болуп, мал чарбачылыгына альтернатива катары кабыл алынууда. Бул ишкердиктин түрү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана кошумча киреше табууга жакшы мүмкүнчүлүк берет. 

Бишкек шаарынын тургуну Адыл өзүнүн чакан бизнесин чегиртке багуу менен баштаган. Ал бул иш менен алектенгенине 5 жылдын жүзү болду. Алгач 30 чегиртке менен баштаган ишкер 5 жыл аралыгында өзүнүн көптөгөн кардарларын таба алган. Азыркы тапта Кубат аттуу шериги менен чегирткелерди өстүрүп, бирге ишкердүүлүк менен алек болушууда. 

Адыл мырза бул чегирткени ун кылып жасап жана кууруп саттыкка чыгарат. Анын пайдасы онкологиялык ооруларга таасири чоң. Ошондой эле бул продукцияга спорт менен машыккандар арасында суроо талап жогору.