Мал чарбачылыгына жеңилдетилген насыя. Кимдер ала алат?
Кыргызстанда ири мал менен иштеген тараптарга жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгынын башчысы Мунарбек Каныбек уулу “Биринчи радиого” билдирди.
Ал белгилегендей, жеңилдетилген насыяны:
- малды бордоп семиртүүчү;
- этти кайра иштетүүчү (малды союу, этти тоңдуруу, таңгактоо, маркировка ж.б.);
- ишмердүүлүгүн Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жүргүзгөн ишкерлер, ишканалар жана фермерлер ала алышат.
“Бул үчүн учурда 1,5 миллиард сом бөлүнүп жатат. Насыя 3 пайыз менен берилет”, – деди ал.
