Фондулук рынок: аны өнүктүрүү кыргызстандыктарга кандай пайдасын тийгизет
Кыргызстандын Министрлер Кабинети тарабынан фондулук рынок боюнча акселерациондук программа кабыл алынды. Ага ылайык, 100 күндүн ичинде фондулук рынокто реформа жасалып, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүгө тийиш.
Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде белгилүү болду. Анда Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти Мыктыбек Абиров 100 күндүк иш-аракеттер кандай жаңычылыктарды жаратарын түшүндүрдү.
Маалым болгондой, ушул жылдын 14-мартында “Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө” жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.
“Мисалы, жаран банк эсебин ачууну кааласа, бүгүнкү күндө аны уюлдук телефону аркылуу ишке ашыра алат. Ал эми баалуу кагазга келгенде, брокердик эсеп ачыш үчүн брокердик офиске келүүгө туура келет. Бул ири шаардын жашоочуларына жеткиликтүү болгону менен аймактардын жашоочуларына ыңгайсыздык жаратып келген. Ошондуктан МинКаб тарабынан реформа жүргүзүлүп, брокердик эсепти дагы банк эсебиндей эле үйүндө отуруп ачууга мүмкүнчүлүк түзүү ишке ашырылат. Бул кыргызстандыктарга фондулук рынокту багындырууга жана инвестиция баштаганга жөнөкөй шарттарды түзүп берет. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карасак, өнүккөн өлкөлөрдүн баарында брокердик иш-аракеттер уюлдук телефон аркылуу жүзөгө ашырылат. Биз дагы ошондой кылышыбыз керек”, – деди Абиров.
Ал белгилегендей, фондулук рынокту өнүктүрүү зарылчылыгы төмөнкү факторлордон улам келип чыкты:
- акыркы жылдары Кыргызстанда фондулук рыноктун биржа соодасы активдүү өсүүдө;
- виртуалдуу актив менен иштегендин катары көбөйдү;
- жарандардын финансылык сабаттуулугу жогорулады.
Ошондой эле Абировдун айтымында, фондулук рынокту өнүктүрүү жарандарга топтогон акчасын көбөйтүүгө жана ар кандай финансылык пирамидаларга алданбоого шарт түзөт.
