Кыргызстанда орточо айлык акы 42 миң сомду түздү
15 август

Кыргызстанда орточо айлык акы 42 миң сомду түздү

Кыргызстанда 2025-жылдын январь-апрель айларында орточо номиналдык эмгек акы 42 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Назира Керималиева маалымат жыйынында билдирди. 

Ал белгилегендей, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу айлык акы 18,6 пайызга өстү. 

Ал эми айлык акынын өсүшүн тармактар боюнча алганда, ал төмөнкүдөй:

  • кыймылсыз мүлк операциялары;
  • курулуш;
  • саламаттыкты сактоо;
  • маалымат жана байланыш;
  • калкка социалдык кызмат көрсөтүү;
  • илимий-техникалык ишмердүүлүк;
  • ресторан жана мейманкана бизнеси;
  • финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ж.б. тейлөө ишмердүүлүк чөйрөсүндө.