Жумгал районунда жаңы суу сактагыч курулууда
15 август

Жумгал районунда жаңы суу сактагыч курулууда

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айыл аймагында сугат сууга болгон муктаждыкты жоюу максатында көлөмү 3,2 млн м³ болгон Түгөл-Сай сезондук суу топтоочу бассейни (БСР) курулуп жатат.

Түгөл-Сай дарыясында суунун кору чектелүү. Сугат аянттарынын көптүгү себебинен вегетациялык маалда керектүү көлөмдөгү суу жетпей келген.

Бул себептен күздөн баштап жазга чейин жана суу мол келген учурдагы сууну топтоп, сугат маалында пайдалануу максатында БСР курулууда.

Бүгүнкү күндө 2 суу ченөөчү пост жана 61 суу бөлүштүрүүчү курулма салынды, ички каналдарга ЛР-60 жана ЛР-40 лотоктору 3,17 км узундукта жайгаштырылды.

Курулуш иштеринин натыйжасында 3208 га сугат аянтынын суу менен камсыздалышы жакшыртылат. Мындан сырткары 1602 га жаңы сугат жери өздөштүрүлөт. Аймактагы түшүмдүүлүк 2 эсеге жогорулайт жана Жумгал районунун тургундарынын турмуш-тиричилиги кыйла жеңилдеп, айыл чарба өндүрүшү өсөт.