Россиядан мыйзамсыз ташылып келинген 21 миң кг тоок эти Кыргызстанга киргизилген жок
6 март

Россиядан мыйзамсыз ташылып келинген 21 миң кг тоок эти Кыргызстанга киргизилген жок

Талас облусундагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунун “Чоң-Капка” чек ара ветеринардык постунун инспекторлору тарабынан Россия Федерациясынан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келинген 21 миң кг тоок этине текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында алар ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары бузулганын аныкташкан.

Себеби тооктун эти маркировкаланган эмес. Натыйжада “Чоң-Капка” чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайынын инспекторлору тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, жүк “Чоң-Капка” өткөрүү пункту аркылуу Россия Федерациясына кайра артка кайтарылды.