Баткен облусунда эки көмүр кени ачылат
15 август

Баткен облусунда эки көмүр кени ачылат

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен облусунун аймагында эки көмүр кенинни ачылуусу күтүлүүдө.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, алар “Адахан” жана "Мурас" көмүр кендери.

“Адахан” көмүр кени Лейлек районунун Раззаков шаарынын аймагында жайгашкан. Аталган кенде 25 жумушчу оруну пайда болуп, жылына 4000 тоннага чейин көмүр өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Кендин аймагында 50 миң тонна көмүрдүн запасы аныкталган.

Сүлүктү шаарынын аймагында жайгашкан "Мурас" көмүр кенинде 15 жумушчу оруну түзүлүп, жылына 5000тонна көмүр өндүрүлүүсү күтүлөт.

Мындан сырткары, жыл аягына чейин Сүлүктү шаарында жайгашкан “Сүлүктү-11 талаа” көмүр кенин ишке берүү аракеттери жүрүүдө. Бул ири кен “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан инвесторлордун колдоосу менен ачылууда.

Эске салсак, Баткен облусунда 2025-жылдын жарым жыл ичинде төрт чакан көмүр кендери ишке кирген. Алар “Толукбай”, “Кенчилер берекеси”, “Лин Сюнь”, “Горный кристал” көмүр кендери.

Белгилей кетсек, учурда Баткен облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 51 көмүр шахтасы бар. Аймакта жылына көмүр өндүрүүнүн көлөмү 1млн тоннага жетти. Анын 30% жер астындагы кендерден, 70% ачык карьерлерден казылып алынат.