Кыргызстан минералдык жер семирткичтерди сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салды
Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБнин аймагынан тышкары сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды.
Ал Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2025-жылдын 3-мартынан тартып алты айлык мөөнөткө, Министрлер Кабинетинин чечими менен берилүүчү эл аралык транзиттик жана гуманитардык жардамдан тышкары минералдык жер семирткичтердин бардык түрлөрүнө карата колдонулат.
Бирок, ташылып келинген минералдык жер семирткичтердин сапаты белгиленген талаптарга жооп бербесе, анда бул тыюу аларды реэкспорттоодо колдонулбайт.
Белгилей кетсек, минералдык жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну киргизүү улуттук кызыкчылыкты коргоого, ата мекендик айыл чарбасын колдоого жана агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган стратегиялык маанилүү чечим болуп саналат.
