Ысабеков: Көмүскө иштеген тигүүчүлөрдү ачыкка чыгаруунун башка ыкмасын таптык
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков “Биринчи радионун” түз эфиринде өлкөдөгү тигүүчүлөрдү ачык иштөөгө чыгарууга кандай кадамдар жасалып жатканын жана жасалаарын айтып берди.
Айтымында, жумушчуларды көмүскө иштетүү бир гана тигүү тармагына таандык эмес, коомдук тамактануу жайлары жана курулуш тармагы да ушул ыкманы колдонушат – отчетторду жумушчуларынын санын жана кирешесин кыскартып беришет.
“Бирок салыкчылар рейдке барып калганда 15 киши иштеп жаткан болот, а отчетто 5 киши көрсөтүлгөн. Айыппул салуу да мүмкүн эмес эле: “бизнес ээси буларды кечээ гана жумушка алдым, ушул айдын отчетуна кошом” деп коет. Анан биз реестрди ишке киргизип, анын актуалдуулугун 5 күнгө белгилегенбиз, мындан улам жумушчулардын санын кыскартуу аныкталып калса, айыппул салууга мүмкүнчүлүк жаралды. Анткен менен бизнести текшерүүгө мораторий киргизилди, андан сырткары экспортко байланышкан тоскоолдуктардан улам тигүү тармагына жардам болсун деген ниетте текшерүү, айып салууларды токтото турууну чечкенбиз”, – деди төраганын орун басары.
Бирок анын айтымында, кайсы бир жарандан кайсы бир бизнеске арыздануу келип түшсө, анын негизинде салыкчылар барып текшере алышат.
Ошондой эле экинчи көйгөй – айрым учурда тигүү цехтери жеке менчик үйлөрдүн бир бөлмөсүндө жайгашкан жана ачыкка чыкпай көмүскө иштешет. Аларды салыкчылар барып текшере алышпайт.
“Бирок биз аларды ачыкка чыгаруунун башка ыкмасын таптык – салык, отчет, экспорт, эсеп. Ошондуктан салык ставкаларын төмөндөттүк. Учурда ушундай жол аркылуу 18 миңден ашуун тигүүчүнү ачыкка чыгара алдык. Бирок бул аз, бул багытта дагы да иштешибиз керек”, – деди Ысабеков.
