Төрага “Тулпар моторс” автоунаа чогултуучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты
Бүгүн, 15-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу “Тулпар моторс” автоунаа чогултуучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Унааларды чогултуу этаптарын толук көрүп чыккан төрага: “Кыргызда жылкынын мыктысын тулпар деп атайт. Андыктан “Тулпар моторс” заводу атына заты төп келген мыкты унааларды чыгарып, элибизге кызмат кылат деген ишеничтемин. Ал эми мамлекет мындай өндүрүштүк жайлардын ачылышына артыкчылык берип, ар тараптуу колдоого даяр”, – деди.
Муну менен катар ширеңке өндүрбөгөн Кыргызстан беш жыл ичинде унаа чыгарган кубаттуу мамлекетке айланганын белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу “Ата мекендик өндүрүш алдыга жылмайынча, мамлекетибиздин өнүгүшү кыйын. Ошондуктан, кичине болобу, чоң болобу өзүбүздүн өндүрүштү колдоп, өнүктүрүшүбүз керек. Азыркы шартта жаңы жумуш орундарын түзүү башкы маселе. Жүздөй адамды иш менен камсыздаган бул ишкананын келечеги алдыда. Керектүү шарттарын түзүп берсек, өндүрүшүн көбөйтүп, экспортко чыгуусуна да мүмкүнчүлүк түзүлөт”, – деп кошумчалады.
Андан тышкары, унааларды элге жеңилдетилген шартта сатуу боюнча да тийиштүү иштер алып барылышы керектигин айткан төрага заводдун жетекчилигин аталган багытта мамлекеттик банктар менен тыгыз иш алып барууга чакырды.
Баарлашуу маалында заводдун жетекчилиги алдыдагы пландары менен бөлүшүп, өндүрүштүк жайды кеңейтүү боюнча беш жылдык план иштелип чыкканын маалымдады. Ага ылайык, кошумча жер аянты керектигин белгиледи.
Төрага коштоп барган президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиевге жер маселеси боюнча иш алып барууну табыштады.
Белгилей кетсек, “Тулпар моторс” заводу 2024-жылы ишке берилип, жылдан жылга өндүрүштүк кубаттуулугу жогорулап келет. Алсак, былтыркы жылдын алгачкы алты айына салыштырмалуу өндүрүштүк кубаттуулугу үч эсеге өсүп, быйыл эле 2 млрд сомдон ашуун көлөмдөгү унаа өндүрүшү жүргүзүлгөн.
