Адылбек Касымалиев Вьетнамдын Премьер-министри менен эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Вьетнам Социалисттик Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушту.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы товар жүгүртүүнү өнүктүрүүдө позитивдүү динамиканы белгиледи. 2019-2024-жылдар аралыгында товар жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик 13 эсеге көбөйгөн.
"Биздин өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү маселелеринде Кыргыз-Вьетнам өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясын түзүүнү сунуштайм, анын алкагында актуалдуу маселелер боюнча үзгүлтүксүз диалог жүргүзүлөт жана өз ара пайдалуу келечектүү демилгелер иштелип чыгат. Соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарга кошумча импульс берүү үчүн экономика чөйрөсүндөгү 3 фундаменталдык макулдашууну - бул Инвестицияларды колдоо жана коргоо, экономикалык кызматташтык жана кош салык салуудан качуу жаатындагы документти макулдашуу жана кол коюу маанилүү деп эсептейбиз", - деди ал.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө соода, инвестиция, өнөр жай, айыл чарба, энергетика, билим берүү, тоо-кен, туризм жана маданият тармактарындагы кызматташуунун негизги багыттары талкууланды. Тараптар транспорттук жана логистикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
