Быйыл Талас облусу төө буурчактын түшүмү миң тоннаны түздү
4 ноябрь

Быйыл Талас облусу төө буурчактын түшүмү миң тоннаны түздү

Фермерлерди колдоо жана фасоль баасын турукташтыруу максатында, Министрлер Кабинети «Кыргыз Агрохолдинг» ААКга төө буурчак (фасоль) сатып алуу үчүн 100 миллион сом бөлүнгөн. Фасольдү сатып алуу иштери фермерлерди колдоо максатында 1 килограммы 95 сомдон жүргүзүлгөн. Маалымат үчүн: башка сатып алуучулар фасольдү 92 сомдон кабыл алууда.

Бул чара Талас облусундагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого, ички рыноктогу бааларды туруктуу кармоого жана агроөнөр жай тармагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.

2023-жылы фасоль эгүү аянты 53,6 миң гектарды түзүп, жалпы түшүм 72,3 миң тоннаны түзгөн. 

2024-жылы эгилген фасолдун аянты 53,2 миң гектардан ашып, жалпы түшүм 82,5 миң тонна болгон. Орточо түшүмдүүлүк 1 гектардан 18,4 центнерди түзгөн. 

2025-жылы фасоль айдалган жерлердин аянты 55,8 миң гектардан ашып, жалпы түшүм 84,2 миң тонна болуп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 15,7 центнерди түзгөн. Андыктан, айрым жеке тараптардын (блогерлердин) 100 миң тоннадан ашуун төө буурчакты алган кардарлар жок, баасы бир килограммына 60 сомдон ашпай жатат, - деген такталбаган маалыматтары чындыкка дал келбейт. 

Учурда Талас облусунда фасоль төмөнкү баалар менен сатылууда: 

  • «Скороспелка» сорту – 155 – 160 сом, 
  • «Лопатка» – 95 сом, 
  • «Томат» – 92 сом.