Салыктык текшерүүлөргө тыюу салуу жана “Салык төлөөчүнүн рейтинги” тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков видеомаекте салык жүгүн азайтууга жана ишкердикти колдоого багытталган салык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.
Cалык кызматынын төрагасынын орун басары 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине уюмду жоюуда жана жеке ишкердикти токтотууда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү кошпогондо, салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынганын билдирди.
“Бирок, мыйзам чегинде, укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында салыктык текшерүүлөр жүргүзүлө берет”, – деп белгиледи Кубанычбек Ысабеков.
Мындан сырткары, “Салык төлөөчүнүн рейтинги” институту ишке киргизилип жаткандыгын жана бул система салык төлөөчүлөрдүн тартиптүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн баалоого багытталгандыгын маалымдады.
“Рейтингге жараша салык төлөөчүлөгө ар кандай чаралар каралат. Мисалы, жогорку рейтингге ээ салык төлөөчүлөргө текшерүүлөрдү азайтуу, салыктык карыздарды бөлүп төлөө сыяктуу ар кандай жеңилдиктер берилет.
Ал эми рейтинги төмөн ишкерлерге карата көзөмөл күчөтүлөт”, – деди төраганын орун басары.
Бул ыкма ишкерлерди колдоого, адилеттүү атаандаштыкты жана салык төлөө маданиятын жогорулатууга багытталган.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Калктын жана ишкердик субъекттердин салык жүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон.
Мыйзамда бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө, экономикалык туруктуулукту колдоого жана өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган бир катар салыктык жеңилдиктер каралган.
