Кадамжай районунда азык- түлүк жарманкелери өткөрлүүдө
24 январь

Кадамжай районунда азык- түлүк жарманкелери өткөрлүүдө

Кадамжай районунда калкты жеткиликтүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда. Жарманкелерде негизги азык-түлүк товарлары базар баасынан төмөн баада сунушталууда.

2026-жылдын 23-январына карата азык-түлүк баалары туруктуу бойдон калууда.

2026-жылдын 22-январь күнү Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагында азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Жарманке Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Баяман Баатыр базарында өтүп, ага жергиликтүү дыйкан-фермерлер активдүү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө фермерлер тарабынан уй эти 1 килограммы 650 сомдон арзан баада сатылып, калк тарабынан жогорку суроо-талапка ээ болду. Мындай жарманкелер калкты колдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана баалардын туруктуулугун сактоо максатында мындан ары да улантылат.