VII КРЭФ: Энергетика тармагында кызматташуу боюнча инвесторлор менен жолугушуу өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев, энергетика министринин орун басары Назгуль Усенова 13-15-август күндөрү Ысык-Көл облусунда өткөн VII Кыргыз-Россия экономикалык форумуна катышты.
Форумдун алкагында министр Т.Ибраев Энергетика министрлиги менен кызматташкан “Росатом”, “Солар Системс”, “Unigreen energy” компанияларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Тараптар менен энергетика тармагында кызматташууну тереңдетүү, долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу, алдыдагы пландар, аткарылып жаткан иштер талкууланды.
Мындан тышкары форумдун алкагында бизнести өнүктүрүү үчүн инвестициялык инфраструктура жана өнөктөштүк чечимдер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин тегерек столу уюштурулду.
Анда инвесторлор, бизнес өкүлдөрү жана мамлекеттик институттар ортосунда инвестициялык инфраструктураны өнүктүрүүнүн негизги маселелери боюнча ачык диалог үчүн аянтча, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу шарттарын талкуулоо жана долбоорлорду презентациялоо болду.
Талкууга КРнын энергетика министринин орун сабары Н.Усенова, энергокомпаниялардын жетекчилери, эл аралык жана аймактык инвесторлор, инвестициялык жана экспорттук агенттиктер, банктар жана өнүктүрүү институттары, логистикалык жана өнөр жай компаниялары, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын, тармактык ведомстволордун, бизнес-ассоциациялардын, Соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү, кызматташууга кызыкдар болгон жеке сектордун өкүлдөрү катышты.
Форумдун алкагында уюштурулган тегерек столдо КРнын энергетика министринин орун басары Назгуль Усенова сөз сүйлөп, Кыргызстандын энергетикалык потенциялы, ири долбоорлор, аткарылып жаткан иштер, инвесторлор менен болгон кызматташууга токтолду. Аны менен катар энергетика тармагында кызматташууну, биргеликте долбоорлорду ишке ашырууну көздөгөн инвесторлор менен Энергетика министрлиги кызматташууга даяр экенин билдирди.
