«Баары өзүңдөн көз каранды»: КМШдан барган кыздар «Алабуга Старт» менен кантип карьерасын баштап жана келечегин куруп жатышат
12 октябрь

«Баары өзүңдөн көз каранды»: КМШдан барган кыздар «Алабуга Старт» менен кантип карьерасын баштап жана келечегин куруп жатышат

Дүйнөдө барган сайын глобалдык чакырыктарды алдын ала болжолдоого мүмкүн болбой калды, ошондуктан, ар бир өлкө ишенимдүү өнөктөштөрдү издөө зарылдыгына туш болууда. Кыргыз Республикасы менен мамилени колдоо үчүн Россия көптөгөн маселелер: ошол эле соода, экономикалык же кадрлардын жетишсиздиги жана жаштарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди сунуштоону улантууда.

Экономикалык өз ара мамилелер, биргелешкен билим берүү жана маданий долбоорлор, гуманитардык демилгелер жана алмашуу программалары – бүгүнкү күндө КМШ өлкөлөрүнүн жана Россия калкынын бири бирине атаандашпаган, тескерисинче, бири-бирине өсүүгө жардам берген келечектин пайдубалы болуп калды.

Ошентип, Россия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө 20 пайызга жакын үлүшү менен өлкөнүн соода өнөктөштөрүнүн арасында экинчи орунда турат. Бул тууралуу Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин КМШ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташуу департаментинин директору Алексей Михайлов RTга берген маегинде билдирди.

«Россия Кыргызстандын товар жүгүртүү тизмесинде экинчи орунда турат. Үлүшү 20 пайызга жакын. Товар жүгүртүү көрсөткүчтөрү акыркы беш жылда бир топ өстү. Өсүш темпи 2,5 эсеге жакын экенин көрүп жатабыз», – деп билдирди ал.

Бирок бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да жаш муундун арасында жумушсуздук көйгөйү бар. Тилекке каршы, анын басымдуу бөлүгү 18-24 жаштагы кыздар менен балдарга туура келет. Россиянын ири өзгөчө экономикалык зоналарынын бири «Алабуга» бул көйгөйдү чечүүдө өз вариантын сунуштайт.

"Алабуга Старт" программасы КМШ өлкөлөрүнөн келген кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылууну сунуштайт. Алар эки жылдык программадан өткөндөн кийин, мыкты адистер болуп чыгышат –башкаруу жана практикалык көндүмдөргө, эң жогорку технологиялык өндүрүштөрдө иштөө тажрыйбасына ээ болушат.

Программа жана "Алабуга" ӨЭЗ тууралуу

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча "Алабуга" ӨЭЗ Россия Федерациясынын өзгөчө экономикалык зоналарынын арасында эффективдүүлүгү боюнча лидер болуп калды.

Жөнөкөйлөтүп айтканда, "Алабуга" ӨЭЗ Татарстан Республикасындагы импортту алмаштыруучу ишканалар, ошондой эле Түркия, Дания, Германия жана Бельгия сыяктуу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген резидент заводдор жайгашкан аймак. Заводдор ар кандай жеңилдиктерди, инфраструктураны жана башка "плюшкаларды"/артыкчылыктарды алышат. Бул бюджетке салыктык түшүүлөрдүн жана көп сандаган жумуш орундарынын аймагы.

«Алабуганын» эң ири инвесторлору катары Sollers (кытайлык коммерциялык автоунаалар), түрк компаниялары HAYAT (санитардык-гигиеналык кагаз өндүрүү) жана Kastamonu Entegre компаниясын (жыгач плиталар жана пол жабуулары) белгилесе болот. Мындай ири өндүрүштөргө ар дайым жогорку квалификациялуу кадрлар талап кылынат.

  • “Бир нече жыл мурун жетекчилик ылайыктуу адамдарды рыноктон издөөгө караганда, өзүбүздүн кадрларды өстүрүү оңой деген жыйынтыкка келген. Ошентип, мындан 3 жыл мурун ар кайсы өлкөлөрдөн келген кыз-келиндер катыша ала турган "Алабуга Старт" программасын түзүү идеясы пайда болгон. Башында биз иштөөнүн үч багытын сунуштаганбыз, бирок убакыттын өтүшү менен алардын саны алтыга чейин көбөйдү. Азыр катышуучуларда өндүрүш оператору, кейтеринг, тейлөө жана меймандостук, жасалгалоо иштери, монтаждоо иштери жана автотранспорт цехи сыяктуу багыттарда өз күчүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк бар”, – деп билдирди "Алабуга" ӨЭЗнын өкүлдөрү.

Берилген статистикага ылайык, 2025-жылы программада ар кайсы өлкөлөрдөн келген 1000ге жакын катышуучу бар, эң негизгиси – программанын тарыхында биринчи жолу Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан келген катышуучулар үчүн бүтүрүү аземи болуп өттү.


Жакшы үлгү жугуштуу

«Алабуга Старт КМШ» программасынын Telegram каналында Анастасия Шарамет менен болгон интервью жарык көрдү. Ал кыз өз жашоосун түп-тамырынан бери өзгөртүүнү чечип, Россияга Беларусь Республикасынан көчүп келген. Анастасия программада бир жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет жана өзүнүн жетишкендиктери жана «Алабугадагы» жашоосу тууралуу ачык айтып берди.

Анын айтымында, көчүп келүү ага оңой эле болгон: релокацияга чейин ал программанын бүтүрүүчүсү жана HR адистери менен сүйлөшүп, алардан программанын мүмкүнчүлүктөрү, карьералык өсүү жана жеке өнүгүү перспективалары боюнча маалымат алган.

“Мен «Алабуга Стартка» билеттерибизди төлөп бергени үчүн ыраазычылык билдиргим келет – бул жакка бекер учуп келдим, – деп белгиледи Анастасия. – Мени тосуп алышканы, корпоративдик турак жайга чейин коштоп барышканы абдан кубандырды. Жаңы катышуучуларга ушундай кам көрүшкөнү кубандырат”.

Жаш кыз кантип жер которууну чечти? Жалгыз. Башка өлкөгө. Биз Анастасия менен байланыша алдык. Ал ага чейин университетте ландшафт дизайнерлигинде окуганын, бирок россиялык программанын мүмкүнчүлүктөрүн угаары менен дароо максатын өзгөрткөнүн айтты.

“Университетте сессияны эң жакшы бааларга тапшырдым, ошол маалда “Алабуга Старт” программасы тууралуу уктум. Ал жактын катышуучусу менен байланышууга мүмкүнчүлүк таптым, аны менен сүйлөшүп, бул программа реалдуу экенине көзүм жетти. Бир нече күндөн кийин эле университеттен чыгуу боюнча арыз жаздым. Чечимим өзүмө шашылыш кабыл алынгандай сезилдиби? Жок! Мен муну өзүмдүн келечегим үчүн жасадым, анан калса акылдуу адамдар дайыма тобокелчиликке барышат”, – деди “Алабуга Старттын” катышуучусу.

Жумуш жана корпоративдик иш-чаралар тууралуу

Анастасия Шарамет жумуш багытын өзгөрткөн аз катышуучунун бири болуп калды. Башында ал “Кейтеринг” багыты боюнча келген, бирок кийинчерээк  “Өндүрүш операторлугуна” өттү. Мындай көрүнүш өтө сейрек, бирок жумушта ийгилик болсо, мындай кылуу да мүмкүн. Учурда Анастасия программанын экинчи этабында. 

Бир топ жогорку кызматка көтөрүлүү үчүн “Алабуга Стартта” кыздарга жумушка жана милдеттерине ыңгайлашууга жардам берчү лекциялар, тренингдер жана башка иш-чаралар каралган.

Ошондой эле катышуучулар үчүн көптөгөн иш-чараларды камтыган интеграциялык программа иштелип чыккан: Татарстан Республикасынын шаарлары жана тарыхый жерлери боюнча экскурсиялар, кызыкчылыктар боюнча клубдар, йога, сүрөт сабактары, кино кечелер, спорттук секциялар, квесттерге баруу жана башка көптөгөн нерселер. "Алабуга Старт" программасынын уюштуруучулары үчүн Россияга көчүп келген адамдын тез арада адаптацияланышы, жергиликтүү маданиятты жана каада-салттарды түшүнүшү маанилүү.

“Баары сизден гана көз каранды! Кайда жашаарыңызды жана жашооңузду кантип кураарыңызды өзүңүз чечесиз. Өзүңүзгө ишенишиңиз керек. Жалгыз эмес экениңизди унутпаңыз: сиздин үй-бүлөңүз дайыма жаныңызда, ошондой эле биз, программанын катышуучулары жана HR адистери сизди бул жерде колдойбуз”, – деген кеңешин берди Анастасия.

Сөзсүз аракет кылып көрүңүз

«Алабуга Старт» жумуш орундарын гана түзбөстөн, системалуу кесиптик даярдыкты, тренингдерге жана мыкты корпоративдик тажрыйбаларга жеткиликтүүлүктү камсыздайт, анын аркасында катышуучулар эки жылдан кийин эле программадан башкаруучулук жана практикалык көндүмдөргө ээ болгон жогорку класстагы адис болуп чыгышат. Мындай жеке өсүү жана кесиптик жактан алга жылуу мисалдары бул демилгени өз келечеги үчүн жоопкерчиликти алууга даяр болгондор үчүн сезилерлик трамплинге айландырат.

Бул региондор жана инвесторлор үчүн да маанилүү эффект: даярдалган кадрлар адистердин жетишсиздигин азайтат, КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдейт жана өзгөчө экономикалык зонанын резиденттеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Эгерде максат жөн гана жумушка орноштуруу эмес, заманбап өндүрүштөрдө иштөөгө даяр болгон профессионалдардын муунун өстүрүү болсо, анда "Алабуга Старт" адамдардын бакубаттуулугу жана жалпысынан экономиканын туруктуу өнүгүүсү үчүн масштабдаштырууга жана андан ары көбөйтүүгө татыктуу үлгү болуп саналат.