Азамат Көпбаев Соода-өнөр жай палатасынын Катар мамлекетиндеги өкүлү болуп дайындалды
4 ноябрь

Азамат Көпбаев Соода-өнөр жай палатасынын Катар мамлекетиндеги өкүлү болуп дайындалды

Азамат Көпбаев Соода-өнөр жай палатасынын Катар мамлекетиндеги өкүлү болуп дайындалды. Азамат Көпбаев мамлекеттик жана муниципалдык каржыны башкаруу, бюджетти башкаруу, кирешелерди талдоо жана каржылык аудит жаатында 20 жылдан ашык кесиптик тажрыйбага ээ. Анын кесиптик тажрыйбасына Финансы министрлигинде, Бишкек шаардык каржы департаментинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана салык кызматында иштеген.

Ал борбор калаанын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, шаардын бюджетин түзүүгө жана аткарууга, гранттарды жана атайын каражаттарды башкарууга, ошондой эле каржылык башкаруу эрежелерин иштеп чыгууга катышкан.

2022-жылдан 2025-жылга чейин Азамат Көпбаев Экономика жана соода министринин кеңешчиси жана ошондой эле Мамлекеттер аралык банктын өкүлчүлүгүнүн директорунун кеңешчиси болуп иштеген. Азамат Көпбаевди Соода-өнөр жай палатасынын Катардагы өкүлү кылып дайындоо соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө жана чет өлкөлүк рыноктордо кыргыз бизнесинин кызыкчылыктарын алга жы