Кара-Сууда 100 га жерге өндүрүш аймагы жана кичи шаарча курулат
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Суу районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын аймагынан Кара-Суу шаарына өткөн 100 гектар жерге барды.
Бул жерде келечекте өндүрүш аймагын жана кичи шаарчаны куруу пландалууда.
Иш сапардын алкагында облус жетекчиси жер тилкесинин инвентаризациясы менен таанышып, бул аймакта курула турган өндүрүш аймагынын баштапкы долбоору жана Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан пландалып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн жайгашуучу аянты боюнча маалымат алды.
Жантаев аталган аймакка алып баруучу негизги жол, таза суу менен камсыздоо жана жалпы инфраструктура маселелерине өзгөчө токтолуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бул багытта ишти ыкчамдатууну тапшырды.
Белгилей кетсек, аталган долбоор Кара-Суу шаарынын өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, аймакта жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө өбөлгө болот.
