«Ала-Тоо Резорт» долбору боюнча көчмө жыйынга министрдин орун басары катышып келди
8 май

«Ала-Тоо Резорт» долбору боюнча көчмө жыйынга министрдин орун басары катышып келди

Жыргалаң айылында «Ала-Тоо Резорт» бардык сезондогу тоо-кластери мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы астында көчмө жыйын болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев министрликтин кызматкерлери жана ведомстволук карамагындагы ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаменти менен биргеликте катышты.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө долбоордун учурдагы ишке ашырылуу этаптары, курулуш иштеринин жүрүшү жана инженердик инфраструктура объектилери менен таанышуу жүргүзүлдү, анын ичинде министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана тазалоочу курулмалар системалары каралды.

Мындан тышкары автомобиль жолдорун куруу, электр менен камсыздоо, долбоордук-сметалык документация, административдик жана сервистик инфраструктура маселелери каралды.

Жыйынтыгында мамлекеттик органдарга жана жооптуу түзүмдөргө долбоорду ишке ашыруунун темпин тездетүү, аныкталган маселелерди чечүү жана белгиленген мөөнөттөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Иш сапардын алкагында катышуучулар курорттун инфраструктурасы жана объекттеги курулуш иштеринин жүрүшү менен да таанышты.