Бакетаев Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнүн башкы себептерин атады
28 ноябрь

Бакетаев Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнүн башкы себептерин атады

КР финансы министри Алмаз Бакетаев өлкөнүн экономикасын туруктуу өсүшкө жеткирген бир нече факторлорду атады.

Айтымында, бул бир гана экономиканы алдыга жылдыруу аракеттерине байланышпайт.

“Чынын айтканда, бизде тышкы карызды төлөөгө каражат жетиштүү. Баарын бир эле төлөп салбайлыбы деген ой да болгон. Биз азыр профицитте жашап жатабыз.

Биринчиден, экономика өсүүдө турат, ал иштеп баштаганда бардык тармактар иштейт, анын биринчи көрсөткүчү – салык чогултуулардын көбөйүшү.

Бирок жалаң гана экономикага көңүл буруу менен бул көрсөткүчкө жетишкен жокпуз. Мында комплекстүү иштер: коррупцияга каршы күрөш, санариптештирүү өз жемишин берди.

Аябай чоң жумуштар жасалды. Акыбетинде, көмүскө экономиканы ачыкка чыгардык, боз экономиканы ак экономикага айландырдык”, – деди ал.