Кыргызстанда азык--түлүккө болгон баа чет өлкөдөн арзанырак экендиги аныкталды
15 август

Кыргызстанда азык--түлүккө болгон баа чет өлкөдөн арзанырак экендиги аныкталды

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан 2025-жылдын 15-августуна Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө (Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы) азык-түлүк продуктуларына (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү. 

Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:

Кыргыз Республикасында баалар төмөнкүдөй: уй эти – 667,5 сом, кой эти – 681,3 сом, каймак май – 634 сом, өсүмдүк майы – 151 сом, сабиз – 56,5 сом, пияз – 38 сом, картошка – 42 сом, тоок жумурткасы – 87 

Казакстан Республикасында: пастерленген сүт – 100 сом, картошка – 41 сом, сабиз – 50,4 сом, өсүмдүк майы – 176,4 сом, жумуртка – 121 сом, каймак май – 733 сом 

Россия Федерациясында баалар төмөнкүдөй: кой эти – 732 сом, картошка – 71,4 сом, пияз – 64 сом, жумуртка – 121 сом, каймак май – 868 сом, нан азыктары – 135,5 сом.