Эмне үчүн камсыздандыруу айыл тургундары үчүн маанилүү?
7 январь

Эмне үчүн камсыздандыруу айыл тургундары үчүн маанилүү?

Айыл жерлеринде сел, кургакчылык сыяктуу табигый кырсыктар көп кездешет жана алар үйлөргө, түшүмгө жана адамдардын жашоосуна олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Өзгөчө алыскы райондордо мындай кырсыктардын кесепети катуу сезилет.

Камсыздандыруунун пайдасы эмнеде?

  • Камсыздандыруу турак жайыңыз же мүлкүңүз зыян тарткан учурда финансылык жардам алууга кепилдик берет.
  • Айыл жергесинде полистин баасы жылына болгону 600 сом (айга бөлгөндө 50 сом). Бул сумма күтүүсүз кырсык болгондо чоң жардам болот.

Маанилүү!!!

  • Полис бир жылга гана жарактуу, аны жыл сайын жаңыртып туруу зарыл.
  • Полис жаңыртылбаса, төлөмдөр берилбейт, андыктан келишимди убагында узартыңыз.