Эсеп-фактуралардан бошотулган субъекттерден товар сатып алууда ЭЭФ маалыматтык системасына маалыматтарды киргизүү жөнүндө
24 октябрь

Эсеп-фактуралардан бошотулган субъекттерден товар сатып алууда ЭЭФ маалыматтык системасына маалыматтарды киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды колдонууга милдеттүү болгон салык төлөөчүлөр ЭЭФти тариздөөдөн жана каттоодон бошотулган сатуучулардан товар сатып алганда, мындай товарлар тууралуу маалыматтарды өз алдынча ЭЭФтин маалыматтык системасына киргизүүгө милдеттүү экендигин эскертет.

Маалыматты ЭЭФ системасына киргизүү үчүн "Системанын катышуучулары болуп саналбаган жактардан сатып алууда товарлар жөнүндө маалыматтарды киргизүүгө электрондук документ" деп аталган документти тариздөө зарыл. Ал документ товарлар кампага, соода же өндүрүш жайына келип түшкөн учурда түзүлүшү керек.

Бул талап, жалпы салык режими боюнча салык төлөгөн салык төлөөчү айыл чарба өндүрүүчүсүнөн анын айыл чарба продукциясын сатып алып, эсеп-фактураны тариздеген учурларда колдонулбайт.

ЭЭФ маалыматтык системасына киргизилбеген товарлар

Ошондой эле маалыматтарды киргизүү мүмкүнчүлүгү товарлардын төмөнкү категорияларына жайылтылбайт:

  • алкоголдук продукцияларга;
  • тамеки буюмдарына;
  • дары-дармек каражаттарына;
  • медициналык буюмдарга;
  • баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарга;
  • мунай жана мунай продуктуларына (2710197100-2710199800 ТЭИ ТН коддору менен майлоочу майлардан жана башка майлардан тышкары);
  • салык органынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча чечими бар товарларга;
  • рейддик салык контролунун жүрүшүндө ЭЭФ МСга маалыматтар киргизилгенге чейин салык органы тарабынан товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун жыйынтыктоочу актысы түзүлүп,  баштапкы эсепке алуу документтеринин жоктугу аныкталган товарларларга.

ЭЭФ системасына маалыматты кантип киргизүү керек?

Документти түзүү үчүн esf.salyk.kg сайтына кирип, ЭЭФ МСдагы «Сатып алуу» бөлүмүн ачуу керек, андан соң «БЭБД» бөлүмүн тандап, оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан «Кошуу» баскычын басуу зарыл. Ачылган терезеде «Бошотулган субъекттерден сатып алуу» уячасын белгилеп, эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартибинин 6-бөлүмүнө ылайык маалыматтарды толтуруу керек.

ЭЭФ системасына катталуудан жана эсеп-фактураларды тариздөөдөн кимдер бошотулат?

Белгилей кетсек, салык мыйзамдарына ылайык, айрым салык төлөөчүлөр ЭЭФ системасында каттоодон жана эсеп-фактура тариздөөдөн бошотулган. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

  • акыркы 12 ай ичинде жүгүртүүсү 15 000 000 сомдон ашпаган, бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча нөлдүк ставканы колдонгон салык төлөөчүлөр;
  • патенттин негизинде иштеп, жеке жана/же үй-бүлөлүк керектөө үчүн жумуш жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарган салык төлөөчүлөр;
  • патенттин негизинде салык төлөп жана соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн салык төлөөчүлөр;;
  • өз продукциясын жана аны кайра иштетүүнүн продукцияларын саткан айыл чарба өндүрүүчүлөр;
  • 0,5% ставка боюнча соода ишин жүргүзгөн субъекттер, ошондой эле товарларды экспорттоо учурларын кошпогондо, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөн салык төлөөчүлөр.

Салык кызматы салык төлөөчүлөргө салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо үчүн ЭЭФ МСга товарларын өз убагында киргизип турууну сунуштайт.