Азербайжан–Кыргыз Өнүктүрүү Фонду менен айыл чарба жана кайра иштетүү тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр талкууланды
24 январь

Азербайжан–Кыргыз Өнүктүрүү Фонду менен айыл чарба жана кайра иштетүү тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр талкууланды

2026-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Азербайжан–Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун негизги темасы айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы тармагындагы инвестициялык кызматташтык маселелери болду. Тараптар Кыргыз Республикасынын агрардык секторунун учурдагы абалын жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Айрыкча айыл чарба өндүрүшүн модернизациялоо, заманбап технологияларды киргизүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү, анын ичинде этти кайра иштетүү, мал тоюттарын өндүрүү, картошка өстүрүү жана күнөскана комплекстерин куруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Азербайжан–Кыргыз Өнүктүрүү Фонду инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз тажрыйбасы жана ишкерликти колдоо механизмдери менен бөлүштү.

Министрлик өз кезегинде «Министрликтин 100 долбоору» программасынын алкагында ишке ашырылуучу потенциалдуу долбоорлорду сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечектүү биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу боюнча консультацияларды улантуу тууралуу макулдашышты.