Министрдин орун басары Мeдeр Абакиров Германиянын Бундестагынын депутаты Стефан Майер менен жолугушту
23 октябрь

Министрдин орун басары Мeдeр Абакиров Германиянын Бундестагынын депутаты Стефан Майер менен жолугушту

2025-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын (парламентинин) депутаты Стефан Майерди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий сапарлардын жыйынтыгы боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, ошондой эле соода, транспорт жана инвестиция тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоого бурулду.

Министрдин орун басары М.Абакиров соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары жандандыруу зарылдыгын белгилеп, ошондой эле инвестициялык жана ишкерлик байланыштарды кеңейтүүнүн, анын ичинде биргелешкен бизнес-иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине боло турган шайлоолорго токтолуп, шайлоо процесси ачык, айкын жана эл аралык демократиялык стандарттарга ылайык өтүшүн камсыз кылуу максатында Германия Федеративдүү Республикасынан эл аралык байкоочуларды катышууга чакырды.

Өз кезегинде депутат С.Майер эки тараптуу кызматташтыкты, айрыкча соода жана экономика тармактарындагы алакаларды андан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.