Афганистан:  кыргыз экспортунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү
15 август

Афганистан: кыргыз экспортунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү

14-августта «Кыргыз Экспорт» борбору Афганстандын Өнөр жай жана соода министри мырза Нуреддин Азизи баштаган афган делегациясы жана кыргыз ишкерлери үчүн бизнес-ланч уюштурду.

Иш-чарага 12 ата мекендик компаниянын өкүлдөрү катышып, өз продукцияларын тааныштырышып жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пландарын бөлүшүштү.

Афган тарап төмөнкүлөргө кызыкдар экенин билдирди:

  • тамак-аш продукциясы
  • дары чөптөр
  • тоо-кен ишмердүүлүгү үчүн жарылуучу заттар
  • өнөр жай продукциясы, анын ичинде «желмаян»
  • жүк ташуучу унаалар
  • кыргыз айнек идиш өндүрүшү

Иш-чарада кыргыз продукциясын Афганстан рыногуна жеткирүүнү кеңейтүүнү кошкондо, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечектери жана кызматташтыктын конкреттүү багыттары талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар Афганстандын Кабул шаарына Соода миссиясын уюштурууга макул болушту.