USDKG токендин туруктуулугу менен тобокелчилиги кандай? Бакетаев түшүндүрдү
27 ноябрь

USDKG токендин туруктуулугу менен тобокелчилиги кандай? Бакетаев түшүндүрдү

USDKG токендин наркы кантип аныкталган? Финансы министри Алмаз Бакетаевдин айтымында, бул боюнча абдан көп ойлонуулар болгон.

“Бүгүнкү күндө доллар – бул дүйнөлүк валюта. Ал ишенимди жаратат жана баары аны менен эсептешет. Биз USDKGни алтынга байлайлы деп ойлодук, токенди сатып алганда алтын сатып алгандай болсун деп. Бул абдан кызыктуу ыкма болчу. Бирок төлөмгө келгенде, эки компания ортосунда баасын чыгарганда, кыйыныраак болуп калчудай: анткени алтындын баасы күн сайын өзгөрүп турат. Ошондуктан жөнөкөй механизмге өттүк, бир токен – 1 долларга байладык. Бул эсепке жеңил, бирок анын артында алтын бар, эртеби-кечпи USDKGнин көлөмүнө жараша алтынга ээлик кылып калышат”, – деди министр.

Албетте, ар бир нерсенин пайдасы менен чогуу тобокелчилиги да бар. Бул токендин тобокелчилиги эмнеде экенин Бакетаев мындайча түшүндүрдү:

“Рынокто күн сайын ар башка шарттар түзүлүп калат: кээде ылдый, кээде жогору болот. USDKGнин туруктуулугун алтын аркылуу кармайлы деп жатабыз. Алтындын баасы өзгөрүлгөн учурда дагы токендин баасы 1 долларга барабар болуп турат. Эгерде рынокто популярдуу болуп кетсе, суроо-талап көбөйсө, анда кошумча эмиссия кылабыз. Ага жараша ошончо алтынды сатыкка коюшубуз керек. Аны менен тобокелдикти азайтабыз”.