Алмаз Бакетаев: Кыргызстанды Гонконгго атаандаштык жаратчу финансылык хабга айлантуу ниетибиз бар
27 ноябрь

Алмаз Бакетаев: Кыргызстанды Гонконгго атаандаштык жаратчу финансылык хабга айлантуу ниетибиз бар

Кыргызстан улуттук стейблкоин USDKG – санариптик токендин алгачкы эмиссиясын ишке киргизди. Финансы министри Алмаз Бакетаевдин айтымында, бул КМШ чөлкөмүндө биринчи жолу болууда.

“Стейблкоин рыногу абдан чоң, ар кандай компаниялар чыгып жатат: USDT, USDC, USDe. Биз ушулар менен тең бололу деген ой менен чыгып жатабыз. Алардан USDKGнин айырмасы – жогоруда аталган стейблкоиндердин жүгүртүүсү абдан чоң, миллиарддаган, триллиаддаган каражат жатат. Бир стейблкоин – 1 долларга теңдештирилген. Бирок алар  доллар жана баалуу кагаздар активи менен камсыздалган. А биздин USDKGнин артында алтын турат. 50 миллион долларга алтын сатып алып, сактоого коюп койгонбуз. Эми эл аралык аудитор компания келип, аныктап, корутунду жазып берет жана өздөрүнүн сайтына жайгаштырат. Аны рыноктогулар көрүп, анан ишеничтери жаралат”, – деди министр.

Айтымында, USDKG – бул төлөм инструменти. Бирок эл аралык, улуттар аралык төлөм. Ал Кыргызстандын ичине ылайыкташтырылган эмес. Чет мамлекеттик компаниялар, мамлекеттердин бири бирине болгон финансылык агымына жараша жаңы инструмент киргизилүүдө.

Бакетаев белгилегендей, ниет – Кыргызстанды финансылык хабга айлантуу. Бизнесмендер, инвесторлор Кыргызстанга жайгашып, ал аркылуу чоң платформаларга кирип иштесе, биздин өлкө чоң финансылык борбор – Гонконгго атаандаштык түзөт.

“Кыргызстанды дүйнөлүк экономикада эми таанып башташты. Бизде алтын бар, пайдалуу кендерибиз бар, бирок анын баары түгөнө турган нерсе. Ал эми өлкөнү финансылык борборго айланта алсак, бул өзүн өзү актай турган финансылык агымды жаратат”, – деди ал.