Ысык-Көлдө кыргыз–орус ишкердик кеңешинин жыйыны болуп өттү
Ысык-Көлдө кыргыз–орус ишкердик кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР СӨПтөн кабарлашты.
Иш-чарага Кыргызстан жана Россия Соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү, эки өлкөнүн ишкер чөйрөсү, тармактык ассоциациялардын жетекчилери жана инвесторлор катышты.
Тараптар эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, өнөр жай, айыл чарба, туризм, транспорт жана санарип технология тармактарындагы биргелешкен долбоорлордун келечегин талкуулашты.
Айрыкча өз ара инвестицияларды өнүктүрүүгө, соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга, Кыргызстан менен Орусиянын ишкерлери ортосундагы кооперацияны кеңейтүүгө, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын жыйынтыгында соода-экономикалык байланышты чыңдоого жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди мындан ары да ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилди.
