Сүрөт ачык булактардан алынды
28 июль
Кыргызстандын энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат
Өткөн сутканын жыйынтыгы боюнча электр энергиясын керектөө 47, 063 млн кВт.саатты түздү, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 28-июлуна карата Кыргызстандын энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.
Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери улантылууда.
