Ош шаары Кыргызстандагы өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча алдыңкы орунга чыкты
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 июль

Ош шаары Кыргызстандагы өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча алдыңкы орунга чыкты

2026-жылдын январь–июнь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн эң жогорку өсүшү Ош шаарында катталды.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн физикалык көлөмү 76,7%га өскөн. Шаардагы ишканалар 8 млрд 366,8 млн сомдук продукция өндүрүшкөн.

Баткен облусунда өнөр жай өндүрүшү 27,8%га, Ош облусунда 22,9%га, Ысык-Көл облусунда 22,5%га өскөн.

Чүй облусунда өсүш 19,1%, Бишкек шаарында 16,1%, Жалал-Абад облусунда 11,1%ды түздү.

Эң төмөнкү өсүш Нарын жана Талас облустарында катталып, тиешелүүлүгүнө жараша 8,2% жана 8,5% болду.

Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү боюнча Чүй облусу алдыда турат – 201 млрд 204,1 млн сом. Экинчи орунда Бишкек шаары – 76 млрд сом, үчүнчү орунда Ысык-Көл облусу – 72,6 млрд сом менен жайгашты.

Маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети берди.