Экспорт фокусунда: ишмердүүлүгүнүн башталышынан бери Кепилдик фонд экспортчуларды 1,74 млрд сомго колдоого алды
«Кепилдик фонд» ААКсы экспорт жана импортту алмаштыруу багытында иштеген ишкерлерди системалуу түрдө колдоону кеңейтип келет.
Экспортко багытталган компаниялар артыкчылыктуу кепилдик колдоо алып, өндүрүштү кеңейтүүгө, жаңы рынокторго чыгууга жана туруктуу өсүү үчүн зарыл болгон каржылоону тартууга мүмкүнчүлүк алууда.
Түзүлгөн күндөн тартып экспортко багытталган ишканалар 1,74 млрд сомдон ашык суммада кепилдикк колдоо алып, анын аркасында 5,89 млрд сом көлөмүндө кредиттик каражат ала алышты.
2025-жылы эле экспорттук бизнеске 168,9 млн сомдук кепилдик берилди, бул компанияларга 458,7 млн сом өлчөмүндө кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүн түздү.
Учурда «Кепилдик фонд» ААКсы «Кыргызстанда өндүрүлгөн» Улуттук экспорттук программасынын алкагында ишти активдештирип, ата мекендик экспорттук өндүрүштү өкүлдөгөн компанияларды колдоону күчөтүүдө. Ошентип, «Кепилдик фонд» ААКсы өлкөнүн экспорттук потенциалын чыңдоого олуттуу салым кошуп, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн эл аралык рыноктогу ордун бекемдөөгө жана улуттук продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүүдө.
