Жалал-Абад облусунда балыкты кайра иштетүүчу ири завод курулат
23 октябрь

Жалал-Абад облусунда балыкты кайра иштетүүчу ири завод курулат

«Салих жана Ко» ишканасына караштуу балык чарбасынын аймагында толук циклдүү индустриалдык балык кластерин түзүү боюнча 11,8 млн АКШ долларлык инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун башталышын белгилеген капсула салуу аземи болуп өттү. Иш чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты.

Долбоордун алкагында Курпсай суу сактагычында торлордо балык өстүрүү чарбасын, Күмүш-Азиз айылында осетр чарбасын жана шоктук тоңдуруу линиялары бар балык кайра иштетүүчү завод куруу каралган. Долбоор ишке ашкан соң жыл сайын 5 миң тонна форель жана 270 тонна осетр багылып, азык-түлүк икрасы өндүрүлөт.

Бул долбоор Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары үчүн жаңы тармактын башталышы жана аквамаданияттын заманбап технологияларын, санариптик мониторингди киргизүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле жаш адистер билим алып, практикалык көндүмдөргө ээ боло турган балыкчы мектебин түзүүгө жол ачат.  

Долбоор ишке ашкан соң 40тан ашуун жумуш орду түзүлөт. Анын ишке берилиши менен аймактын социалдык-экономикалык абалы бир топ жакшырмакчы.