Башкы прокуратура тарабынан эл аралык интернет-платформанын салык мыйзамдарын бузуу фактылары жоюлду
23 октябрь

Башкы прокуратура тарабынан эл аралык интернет-платформанын салык мыйзамдарын бузуу фактылары жоюлду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына келип түшкөн материалдарды изилдөөнүн жыйынтыгында “Т.” эл аралык сатып алууларды жүргүзүү интернет-платформасы өлкө аймагында салыктык каттоодон өтпөстөн коммерциялык иш жүргүзгөндүгү аныкталды.

Мамлекеттик салык кызматынын катышуусу менен мыйзам бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлүп, компания Кыргыз Республикасында салыктык каттоодон өткөрүлүп, жыйынтыгында ыйгарым укуктуу органдын эсептерине 2 млн 885 миң АКШ доллары (251 млн сом) өлчөмүндө салык төлөмдөрү түшүрүлдү.